Нарын шаарында «Нарын шаарын таза суу менен камсыздоо жана канализация системаларын калыбына келтирүү» долбоору талкууланды

27-февраль күнү шаардык мэриянын жыйындар залында Европа Ѳнүктүрүү жана Реконструкциялоо банкынын жардамы менен «Нарын шаарын таза суу менен камсыздоо жана канализация системаларын калыбына келтирүү» долбоорунун техникалык-экономикалык негиздеринин презентациясы шаар жетекчилиги, шаардык Кеӊештин депутаттары, тиешелүү мекеме, ишканалардын кызматкерлери, ошондой эле Европа Ѳнүктүрүү жана Реконструкция банкынын ɵкүлдɵрү жана эксперттеринин катышуусунда болуп ɵттү.
Семинардын жүрүшүндɵ шаар мэри Б.Жээналиев, Европа Ѳнүктүрүү жана Реконструкциялоо банкынын ɵкүлдɵрүнɵ ири суммадагы долбоорго колдоо кɵрсɵтүп, долбоордун техникалык-экономикалык негиздерин түзүп чыккан эксперттерге ыраазычылык билдирүү менен, долбоордун мындан ары ишке ашышына жалпы шаар эли кызыкдар экенин баса белгиледи.
Презентацияда социалдык-экономикалык изилдɵɵлɵр, айлана-чɵйрɵ, климаттык шарттар, финансылык маселер талкууга алынды.
Белгилей кетсек, шаар ичиндеги таза суу жана канализация түтүктɵрүн алмаштырууга, тактап айтканда жаӊыртууга, 5 млн. евро долбоордун техникалык-экономикалык негиздери жактырылгандан кийин, аталган банк тарабынан каржыланмакчы.

Добавить комментарий