Нарын шаарында Нооруз күнү улуттук тамак аштардын көргөзмөсү уюштурулду

Бүгүн 21-март Нооруз күнү борбордук аянтта майрамдык оюн зооктон тышкары улуттук тамак аштын жана кол өнөрчүлүктүн  көргөзмөсү уюштурулуп, мыкты деп табылгандарга сыйлыктар ыйгарылды.

Анда билим берүү мекемелеринин улуттук тамак аш боюнча көргөзмөсү биринчи орунду, муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасы экинчи орунду ээлешсе, Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын көргөзмөсү  үчүнчү орунга татыктуу болду.

Мындан сырткары кайрымдуулук тамагы (плов) даярдалып жалпы коомчулукка  бекер таратылды.

Добавить комментарий