Нарын шаарында Нооруз майрамы жогорку деӊгээлде майрамдалды.

Аянтка чогулган шаар тургундарын жана меймандарды 1-вице-мэр А.Суранов     “Жер жарылып, табият ойгонгон мезгилде, жылуу желдин деми жүрөктү жылытып, жагымдуу маанай жараткан, элибиздин улуу тарыхы менен бирге кылым карыткан, жаз күнүндөгү жаркын Нооруз майрамы менен куттуктаймын” деген сɵздɵр менен ачты.

Майрамга КР ЖК депутаты К.Самаков, адилет министри А.Шыкмаматов жана Ѳкмɵттүн облустагы ɵкүлү А.Кайыпов катышышып, теӊиртоолуктарды жаз майрамы менен куттукташты.

Нооруз майрамы  атайын даярдалган театрлаштырылган оюн-зоок концерттик программа менен коштолуп кеӊири массанын катышуусу менен элге тартууланды. Аянтка келген конокторго кыргыздын улуттук тамактары сүмɵлɵк, кɵжɵ жана башка кайрымдуулук тамак-аштар (плов) таратылып, айыл-чарба жана кол ɵнɵрчүлүк кɵргɵзмɵлɵрү уюштурулду.

 

Белгилей кетсек, майрамды уюштурууга, борбордук аянтты  жана кɵчɵлɵрдү банерлер, лозунгдар менен жасалгалоого жергиликтүү бюджеттин резервдик фондунда каралган акча каражатынын эсебинен 50 000 (элүү миӊ) сом акча каражаты бɵлүнүп берилди.

 

Ал эми майрамдын уландысы «Ала-Тоо» стадионунда шаардык дене-тарбия жана спорт бɵлүмү тарабынан спорттук ордо, чоюн кɵтɵрүү, аркан тартыш жана кол күрɵш оюндары  уюштурулуп, ага жергиликтүү бюджеттен 15 000 (он беш миӊ) сом акча каражаты жумшалды.

 

Добавить комментарий