13-апрель күнү борбордук “Ала-Тоо” стадионунда 10 күнгө созулган спорттун 13 түрү боюнча өткөрүлүп жаткан окуучулар арасындагы облустук спартакиада жыйынтыкталды.
Спартакиадага облустун бардык райондорунан жана Нарын шаарынан жалпысы 6 курама командалары катышышты.
Жалпы спорттун түрлөрү боюнча өткөрүлгөн мелдештердин жыйынтыгы менен Ат-Башы районунун курама командасы 1-орунга, Нарын шаары 2-орунга, ал эми Нарын районунун командасы 3-орунга ээ болушуп, баалуу сыйлыктар жана атайын дипломдор менен сыйланышты.
Белгилей кетсек, облустук спартакиададан алдыщкы орундарга жетишкен командалар, республикалык окуучулар арасындагы спартакиадага жолдомо алышты.