Нарын шаарында Ооган согушунун катышуучуларына арналган салтанаттуу жыйын өттү

15-февралда Ооган жергесинен Советтик жоокерлердин чыгарылгандыгынын 25 жылдыгы жана бул коогалаңда курман болгондорду эскерүү митинги Нарын шаарындагы Ж.Акималиев атындагы паркында  белгиленди.

Эскерүү митингине Өкмөттүн облустагы өкүлү А.Кайыпов,шаар мэри Б.Жээналиев, ардагерлер, аскер кызматчылары, мекеме, ишканалардын кызматкерлери жана шаар тургундары катышты. Митингдин жүрүшүндɵ курман болгон жоокерлерге куран окулуп, гүл чамбарлар коюлду.

«Жаштар ордосунда» уланган иш чаранын экинчи бөлүгүндɵ мэр Б.Жээналиев сɵз сүйлɵп,  коогалаңда курман болгон жоокерлердин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, алардын элеси эч качан унутулбастыгын белгилеп, ардагерлерге мэриянын Ардак грамоталарын жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен 30 миӊ сом акчалай жардам тапшырды.

Мындан сырткары, жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардагы 47 ооган жоокерлерине ар бирине миӊ сомдон, жалпысы 47 миӊ жана республикалык бюджеттен ар бирине 5 миӊ сомдон, жалпысы 245 миӊ сом, биржолку берилүүчү жөлөк акча каражаттары тɵлɵнүп берилип, студенттер жана мектеп окуучулар арасында мекенчилдик багыттагы жолугушуу жыйындар уюштурулуп, курман болгон үй-бүлөлөрдүн жакындарына материалдык жардамдар көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек,биздин чакан шаарыбыздан эле согушка кеткен 100дɵн ашык боордошторубуздун ичинен экɵɵ Афган жеринде курман болушуп, тогузу ɵз жерине келгенден кийин каза болушкан.

Ал эми салтанаттуу жыйын Нарын облустук М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрынын жана шаардык маданият бɵлүмүнүн кызматкерлери  даярдаган концерттик программа менен улантылды.

Добавить комментарий