Нарын шаарында орто мектептерде ɵспүрүм балдар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча атайын түзүлгɵн топтун жыйыны башталды

Нарын шаардык мэриясы тарабынан бекитилген графикке ылайык, шаар ичиндеги орто мектептерге тиешелүү мекеме, ишканалардын адистеринен турган эки топ түзүлүп, окуучу балдар, кыздар арасында спирт ичимдиктеринин, энергетикалык суусундуктардын, тамеки жана насвайдын зыяндуулугу тууралуу жана жаш ɵспүрүм балдар арасында ɵзүн-ɵзү ɵлтүрүү (суицид), адеп-ахлах, мектеп рэкети жана башка терс кɵрүнүштɵрдү болтурбоо, алардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында, талкуу жыйын бүгүн № 2 В.П.Чкалов атындагы орто мектебинен башталды.

Жыйын графиктин негизинде 2014-жылдын 4-мартына чейин шаардын орто мектептеринде уланат.

Мындан сырткары, Нарын шаардык мэриясы тиешелүү мекемелер менен биргеликте, жаш ɵспүрүм балдар арасында кылмыштуулуктун, спирт ичимдиктерин ичүүсүн алдын алуу багытында, шаар ичиндеги соода түйүндɵрүнɵ, компьютердик клубдарга жана кафелерге рейд жүргүзүшүүдɵ.

Текшерилген соода түйүндɵрүндɵ жалпы спирт ичимдиктеринин, энергетикалык суусундуктардын жана тамеки, насвайлардын сатуу талаптарын так сактоо жана компьютердик клубдардын башчыларына кечки саат 20.00 кийин окуучу жаш ɵспүрүм балдарды киргизбɵɵ талабы коюлмакчы.

Мындай рейддер айына эки жолу жүргүзүлүүдɵ.

Добавить комментарий