НАРЫН ШААРЫНДА ПРОКУРАТУРА МЕНЕН ЖЕКЕ ИШКЕРЛЕРДИН ЖОЛУГУШУУСУ БОЛУП ӨТТҮ

Бүгун 31-март күнү Нарын шаарынын прокурору Манас Акматалиев Нарын шаардык мэриясынын өкүлдөрү менен биргеликте жергиликтүү ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү. Президент Садыр Жапаровдун  “Ишкердик субьекттерин коргоо боюнча  кошумча  чаралар жөнүндө” устубуздогу жылдын 4-мартындагы Жарлыгын аткарууга алуу максатында өткөн жолугушууда, бизнес өкүлдөрүн колдоо жана коргоо зарылчылыгы белгиленип, бизнес түзүмдөрүн текшерүүдө укук коргоо органдарынын укукка жат аракеттерине бөгөт коюу иштери жүрөрүн билдирди. Прокурор ишкердикти баштоодо, улантууда жана аны өнүктүрүүдө жаралган тоскоолдуктарды бирге чечүүгө болоорун айтып, шаардык прокуратура бул багытта жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жана ишкерлер менен бирдикте алгылыктуу иш алып баруу менен, ишкерлердин ишине негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрдү токтотуу зарыл экендигин, ошондой эле ишкерлерге карата жасалган ыксыз кысымдар жана текшерүүлөр боло турган болсо билдирип турууну суранды.

Ошондой эле, ишкердик субьекттердин жана инвесторлордун чарбалык ишине  мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзгөн жана алардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылгандар үчүн жоопкерчилик каралгандыгын эскертип, жакынкы арада текшеруучу органдар менен жергиликтүү ишкерлердин кенири катышуусунда жолугушуу өткөрүү менен  бизнес багытындагы тоскоолдуктардын жаралышын жана аларды чечүү жолдорун талкулоо өткөрүлө тургандыгын маалымдады.

Жолугушууга катышкан Нарын облустук ишкерлер ассоциациясынын окулдору жана жеке ишкерлер тарабынан ишкерлердин учурдагы көйгөйлөрү көтөрүлүп, талкууланды. Ишкердикти ачууда тейлөө мекеме, ишканаларынан уруксат берилүүчү техникалык процедураларды женилдетүү жана мөөнөттөрүн кыскартуу максатында “Ишкерлерди тейлөө борборун ачуу сунуштары катышуучулардын колдоосун таап, бул багытта иш жүргүзүү жергиликтүү өз  алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө сунушталды.

 

 

 

 

Добавить комментарий