НАРЫН ШААРЫНДА «РОССИЙСКАЯ ГАЗЕТА» БАСЫЛМАСЫНЫН АЛЛЕЯСЫ АЧЫЛДЫ.

Кечээ, 10-апрелде Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов Борбордук Азиядагы «Российская газета» басылмасынын Кыргызстандагы ɵкүлчүлүгүнүн директору Дмитрий Евлашков баштаган медиа ɵкүлдɵрүн иш бɵлмɵсүндɵ кабыл алды.

Эки тараптуу баарлашууда Эмилбек Алымкулов Нарын шаарынын тарыхы, бүгүнкү турмушу, келечектеги приоритеттүү багыттары туурасында басылманын журналисттерине кеӊири маалымат берди.

Ѳз кезегинде «Российская газета» басылмасынын Кыргызстандагы ɵкүлчүлүгүнүн директору Дмитрий Евлашков Нарын шаарындагы В. П. Чкалов атындагы мектеп гимназиясы менен 10 жылдан бери тыгыз кызматташып келишкендигин айтуу менен аларга тереӊ ыраазылык билдирди. Ошондой эле Нарында «Российская газетанын» фестивалын ɵткɵрүү, бул жерде орус тилдүү жаштар кɵп болгондуктан аларды маалыматтык колдоо максатында басылманы жайылтуу пландарын ортого салды.

Шаар мэри бул сунуштар колдоого алынаарын билдирүү менен бирге шаардык китепканада «Россия борборун» ачууну демилгеледи.

Бүгүн, 11-апрелде, Нарын шаарындагы «Тянь-Шань» паркына Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкуловдун, «Российская газетасынын» директору Дмитрий Евлашковдун жана В. П. Чкалов атындагы мектеп гимназиясынын мугалимдер, окуучулар жамаатынын катышуусу менен «Российская газета» басылмасынын аллеясы ачылып, «тянь-шань» карагайынын, мырза теректердин жана клендун кɵчɵттɵрү отургузулду.

Дмитрий Евлашковдун айтымында, бул аллея эки элдин мурдатан келаткан достугун бекемдɵɵ, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине таазим кылуу жана келечек муунга белек калтыруу максатында жасалды. Мындай иш чара буга чейин Бишкек жана Ош шаарларында жүзɵгɵ ашкан.

Добавить комментарий