НАРЫН ШААРЫНДА СОЦИАЛДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН АРАСЫНДАГЫ СПОРТТУК МЕЛДЕШ СТАРТ АЛДЫ

Бүгүн, 20-апрелде Нарын шаарында «Региондорду ɵнүктүрүү жана ɵлкɵнү санариптештирүү» жылына карата Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык ɵнүгүү министрлигинин аймактык бɵлүмдɵрүнүн арасында уюштурулган спорттук мелдеш старт алды.

Спорттун волейбол, футбол жана жеӊил атлетика түрлɵрү боюнча ɵткɵрүлүп жаткан мелдешке облустун бардык райондорунан жана алыскы Тогуз-Торо районунан Эмгек жана социалдык ɵнүгүү бɵлүмдɵрүнүн кызматкерлери катышууда.

Иш чаранын салтанаттуу ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн орун басары Ж. Ибраева, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык ɵнүктүрүү министрлигинин ɵкүлү К. Маразыков, Нарын шаардык мэриясынын башкы адиси Э. Асангазы кызы, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Ж. Садыкова, Кочкор райондук Эмгек жана социалдык ɵнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Б. Абдымамытов сɵз сүйлɵп, командаларга ийгиликтерди каалашты.

Спорттук мелдештер кызуу улантылууда.

Добавить комментарий