НАРЫН ШААРЫНДА СҮТ ЗАВОДУ ИШКЕ КИРДИ

Бүгүн, 21-августта Нарын шаарында сүттү кайра иштетүүчү завод ишке кирди.

Бул иш чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков катышты.

Белгилей кетсек, “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылынын алкагында жакында “Сүт-Азык” жабык акционердик коому тарабынан Нарын шаарындагы мурунку сүт заводу реконструкцияланып, сүт азыктарын кайра иштете баштаган.

Аталган сүт заводу күнүнө 150 тоннага чейин сүт иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Азырынча сүттүн көлөмү аз болгондуктан 3 тоннадан сүт иштетилип, каймак май жана сыр өндүрүлүп жатат.

Сүт заводу жеке ишкер Кайрат Абдуллаевдин демөөрчүлүгү менен ишке кирип, реконструкцияло иштерине 100 миллион сомдун тегерегиндеги каражат жумшалган.

Ишкананын ачылышы менен жергиликтүү тургундардан 30 адам жумуш орду менен камсыз болду.

Учурда заводго Нарын облусунун бардык аймактарындагы жергиликтүү фермерлерден уйдун сүтү кабыл алынууда. Баасы сүттүн майлуулугуна жана сапатына жараша 18 сомдон 25 сомго чейин болууда.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө: “Региондорду өнүктүрүү саясаты биринчи кезекте өлкөнүн экспорттук потенциалын, анын ичинде кайра иштетүү өндүрүш тармагын кеңейтүүгө багытталган”,-деди.

Өлкө башчысы аталган ишкананын ишке кириши облустун социалдык-экономикалык абалына жакшы таасир берип, жаңы жумуш орундары пайда болоорун жана жергиликтүү дыйкан-фермерлер үчүн өндүргөн продукциясын сатыкка чыгарууга шарт түзөөрүн канааттануу менен белгиледи.

Ошондой эле акыркы эки жылда Президенттин региондорду өнүктүрүү боюнча Жарлыгынын алкагында айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөр үчүн жеңилдиктер киргизилгенин эске салды.

Өлкө башчысы Талас, Ош, Нарын облустарында аналогиялык сүттү кайра иштетүүчү ишканаларды ачкан “Үмүт и Ко” компаниясына ыраазычылык билдирип, “Биз кайра иштетүү өнөр жайына чоң көнүл бурабыз.
Айылдарыбызда сырье жетиштүү. Мындай ишканалардын ачылышы чет өлкөгө чыкпай эле өз үйүндө иштөөгө шарт түзөт. Ошондой эле мал чарбачылыгына жаңы технологияларды тартууга жана өнүктүрүүгө импульс берет”,-деп белгиледи.

Добавить комментарий