Нарын шаарында С.Бекманбетов атындагы эркин күрөш спорт мектебинин жаңы имараты ишке берилди

Бүгүн, 25-февралда Нарын шаарында С.Бекманбетов атындагы эркин күрөш спорт мектебинин жаңы имараты ишке берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Спорт мектебинин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын 1-вице-премьер министри М.Абулгазиев, облус жана шаар башчылары, мекеме, ишканалардын жетекчилери, спортчулар, шаар тургундар катышышты.

Иш чараны шаар мэри Э.Алымкулов ачып, шаар эли, өзгөчө РТС аймагынын жашоочулары көптөн күткөн Сүйүндүк Бекманбетов атындагы эркин күрөш спорт мектебинин ачылышы менен куттуктап, пайдаланууга берилип жаткан эки кабаттуу заманбап спорт зал жаштарды, окуучуларды дени-сак жашоо мүнөзүнө тартууга, күчтүү спортчуларды даярдоого, негизгиси патриоттуулукка жана ынтымакка тарбиялоого чоң өбөлгө түзөт деп белгиледи. Ошондой эле спорттун эркин күрөш боюнча түрү менен Нарын шаарынын көптөгөн жаштары өтө кызыгуу менен алектенип келишерин айтып өттү.

Добавить комментарий