НАРЫН ШААРЫНДА ТААЖЫВИРУСТУК ИНФЕКЦИЯСЫН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ОПЕРАТИВДҮҮ ШТАБ ТҮЗҮЛДҮ

Бүгүн, 31-январда Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров Нарын шаарында таажывирустук инфекция боюнча эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуу жана алдын алуу иштерин көзөмөлдөө үчүн
оперативдик штаб түзүп, ага тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери кирип, алгачкы тапшырмалар берилди.

“Бул таажывирустук инфекция боюнча учурда шаар калкы интернет тармактарынан көрүп, билип алышты. Ошентсе да, биз түшүндүрүү иштерин кенен жүргүзүп, бала бакчадан тарта, мектеп, окуу жай, шаар тургундарына чейин тынбай маалымат берүүбүз керек. Ал эми, облустук үй-бүлөлүк медицина борбору чукул кырдаалга даяр болуп, 24 саат боюу маалымат берүү үчүн дарыгерлерди жана түз байланыш номерлерин тез аранынын ичинде даярдагыла!”-деди, шаар башчысы Н.Молдокадыров.

Эске салсак, 2019-жылдын декабрь айынын аягынан баштап, Кытай Элдик Республикасында жаңы таажывирус чакырган пневмония катталып, эпидемиологиялык оор кырдаал түзүлгөн. 2020-жылдын 23-январына карата Кытай мамлекетинде 570 адам таажывирус оорусуна чалдыгып, 250 адам шектүү катары катталып, бул оорудан жапа чеккен адамдар катталууда. Ал эми 6000 адамды таажывирус менен ооруган адам менен тыгыз байланышта болгондуктан карантин киргизилген.

Мына ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана санэпид көзөмөлдөө департаментинин 2020-жылдын 24-январындагы билдирүүсүнүн негизинде, Нарын облусунун аймагында таажывирус оорусун алдын алуу жана болтурбоо максатында иш пландар иштелип чыгып, анын натыйжасында Нарын шаарында да оперативдүү штаб түзүлдү.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Добавить комментарий