НАРЫН ШААРЫНДА ТАЗАЛЫКТЫН ДҮЙНӨЛҮК КҮНҮНӨ КАРАТА ЭКОЛОГИЯЛЫК АКЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн, 21-сентябрда Нарын шаарында “Тазалыктын дүйнөлүк күнүнө” карата экологиялык акция өткөрүлүп, анын алкагында шаардын ичи, чыга бериш аймактары, суулардын жээктери, коомдук жайлар табиятка зыяндуу таштандылардан арылтылды.

Тазалык акциясына Нарын шаарындагы облустук, шаардык, райондук мекеме-ишканалардын кызматкерлери активдүү салым кошушту. Айрыкча, “Каратал-Жапырык” мамлекеттик коругунун кызматкерлери “Ак-Бечел” суу тазалоочу жайынын айланасын, Нарын мамлекеттик университетинин кызматкерлери жана студенттери Жаны-Жол аймагынан Кара-Бүккө чейин, РЭО ГАИнин кызматкерлери РТС тараптагы Нарын суусунун жээгин, банк кызматкерлери шаардын Московский аймагынан киреш беришин өзгөчө жигердүүлүк менен тазалап беришти. Ошондой эле башка мекеме-ишканалар да бөлүнгөн аймактарын зыяндуу калдыктардан арылтышты.

Акция “Эко Деми” коомдук фонду тарабынан координацияланып, колдоого ээ болду. Фонддун координаторлору ишембилик жасалып жаткан аймактарда коомчулук менен жолугуп, кол каптарды, таштанды баштыктарын таратып беришти. Алардын айтымында, бул каражаттар үчүн 48 миң сом жумшалды.

Көк жана кызыл жолчолору бар каптарга пластик жана айнек калдыктары чогултулуп, ал эми жашыл түстөгү каптарга кайрадан иштетилбей турган калдыктар толтурулду.

Тазалык акциясына катышкан бардык жарандарга терең ыраазычылык билдиребиз.

 

Добавить комментарий