Нарын шаарында таксилерди ирээтке келтирүү боюнча аракеттер көрүлүүдө

Нарын шаарында менчик таксилердин айдоочулары менен болгон жолугушууда шаар башчысы Э.Алымкулов,  коомдук транспортко караганда такси кызматын колдонгондор арбын, себеби эң арзан жана эң көп такси Нарын шаарында экендигин белгиледи.

“Шаардын жолдорунда жол эрежесин бузуп, тыгындарды майда таксилер жаратып жатат, аларды ирээтке келтирүү боюнча сиздерге сунуштарды айтып жана сиздердин ой-пикирлерди угалы деген максатта  чогулуп отурабыз” деп билдирди  мэр Э.Алымкулов жыйында.

Нарын шаардык салык башкармалыгынын башчысы Ж.Мамырбаевдин маалыматы боюнча 82 менчик такси ээлери патент аркылуу иштесе, иш жүзүндө алардын саны мындан да ашаарын маалымдады.

Белгилей кетсек, Нарын шаарында жеке менчик такси айдоочулар өз алдынча жамааттарга бөлүнүп алып, шаардын аймактарына элди таашып жатканы белгилүү. Бирок базарлап, сырттан келген таксилер да күндүзү шаардын көчөлөрүнө каттап, жергиликтүү таксилерге конкуренция жаратышууда. Себеби таксилерди шаардык же айылдык деп айырмалоо үчүн атайын өзгөчөлүктөр жок.

Ошол себептүү шаар бийлиги менчик таксилердин бригадирлерине атайын такси кызматын тейлеген фирмаларды ачууну, юстиция башкармалыгынан каттоодон өтүп, юридикалык жак катары иш алып барууларын сунуштады. Мында кардарларга кызмат көрсөтүүнүн сапаты жакшырып, чалып чакыруу аркылуу да иш алып барса боло тургандыгы белгиленди. Унаа таанытуучу белги “чашкалар” бир өнчөй болсо, сырттан келген таксилердин шаардын жолдоруна каттоосуна бөгөт коюулат деген оюн айтып, жеке менчик такси ээлеринен сунуштарды күтөөрүн мэр Э.Алымкулов билдирди.

Жыйындын сонунда таксисттердин башчылары шаар жетекчилигинин сунушун колдой тургандыктарын айтышып,  маселе боюнча таксисттердин жамааттары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп тиешелүү жооп берилерин билдиришти.

Добавить комментарий