Нарын шаарында тротуарларды брусчаткалоо жана лотокторду орнотуу иштери жүрүп жатат

Нарын шаарында тротуарларды брусчаткалоо жана темир-бетон арыктарды жаткыруу иштери жүргүзүлүүдɵ. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен бɵлүнүп берилген 486 миӊ сом акча каражатына Санэпид аймагындагы Нарын мамлекеттик университетинин имаратынан Таалай кɵчɵсүнɵ чейинки аралыкта тротуарга брусчатка жаткырылып, шаарыбыздын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштер алып барылууда.

Мындан сырткары, аталган аймакка 847 миӊ сом акча каражатына темир-бетон арыктар (лоток) орнотулуп, пайдаланууга берилээр алдында турат.

Добавить комментарий