НАРЫН ШААРЫНДА ТРОТУАР САЛУУ ИШИ КОЛГО АЛЫНДЫ

Учурда Нарын шаарынын Батыш чөлкөмүндөгү билим берүү мекемелеринин тушуна жөө адамдар басуучу тротуар жасалып жатат. Тротуардын узундугу 380 метрди түзүп, таш таман төшөлүп, эки жагына арыктар салынат.

Бул жумуштар республикалык бюджеттин үлүштүк (дем берүүчү) гранты аркылуу ишке ашууда. Долбоордун жалпы баасы 1 миллион 800 миң сомду түзөт. Мунун ичинен 527 миң сому Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен өздүк салым катары каржыланды. Курулуш ишин тендерден утуп алган “Кайыңды-М” жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүүдө.

Эске салсак, аталган аймакта тротуардын жоктугу көп жылдардан бери көйгөй болуп келген эле. Бул иш жакынкы күндөрдө шаардын башка аймактарында дагы улантылмакчы.

Добавить комментарий