Нарын шаарында “Турмуштук оор кырдаалда турган балдар менен иш алып барган адистердин потенциалын жогорулатуу” аталыштагы окутуу-семинар өткөрүлдү

Бүгүн,  4-август күнү Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча бөлүмү тарабынан окутуу-семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаева.

“Үй-бүлөнү бекемдөө долбоорунун” кооординаторлору Кубанычбекова Айсулуу жана Асанбаева Гүлзардын колдоосу менен уюштурулуп, ага Нарын шаардык мэриясынын алдындагы Балдар иштери боюнча комиссиясынын мүчөлөрү, орто мектептердин социалдык педагогдору, директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары, медициналык жана социалдык кызматкерлер, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар балдардын курактары, жаш өзгөчөлүгүнө жараша муктаждыктары, балдардын өнүгүшүнүн шарттары тууралуу кичи топтордо иш алып барышып, балдарды тарбиялоонун ыкмалары, алардын жакшы жана жаман жактары жөнүндө талкуу жүрдү.

Балдарга карата зордук-зомбулуктардын формалары, алар ким тарабынан жазалып жаткандыгы боюнча “мозговый штурм” форматында пикир алмашуу өтүп, семинардын катышуучуларына  “Насилие пораждает насилие” аталыштагы атайын репортаж көрсөтүлүп, турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо боюнча ар бир кызматтын милдети,  жоопкерчилиги презентацияланды.

Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын балдардын ден-соолугуна, дене-бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндөгү” 2015-жылдын 18-июнундагы мыйзамы боюнча түшүндүрмөлөр берилип, катышуучулар окутуу-семинардын күтүүлөрү туурасында ой бөлүшүштү.

Добавить комментарий