НАРЫН ШААРЫНДА ТУУ КҮНҮ ЖАНА АК КАЛПАК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн, 3-мартта Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын Туу күнүнө жана 5-март Ак калпак күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Жөө жүрүш менен башталган иш-чара Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта уланып, Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

“Баарыбызга белгилүү болгондой, 3-март– Кыргыз мамлекетинин Туусунун күнү. Эгемен мамлекеттин өз алдынчалыгын далилдеген негизги белгилердин бири. “Манас” эпосунда: Ак асаба кызыл туу, Көк асаба кызыл туу, ”-деген саптар, Кыргыз элинде Мамлекеттин символу байыртадан бар экенин далилдейт. Бүгүнкүгө келсек, баарыбыз түбүндө бириккен, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу кызыл түстө. Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдиктин,тайманбастыктын, ал эми түндүк — үй кутунун символу болсо, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырып турат. Туу күнү менен бирге эле жылда улуттук баш кийим ак калпактын урматына Ак калпак күнү белгиленет. Бул күн Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 29-июнундагы 825- токтому менен официялдуу статус алган. Ак калпак — тоолордун жана тазалыктын символу. Анын формасы Кыргызстандын ак кар, көк муз баскан тоо чокуларын элестетет. Мына ушундай кыргыз элинде болуп жаткан кош майрам менен Нарын шаарынын тургундарын жана меймандарын чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Ар бирибиздин коломдотубуздун оту өчпөй, чакан үй-бүлөбүздүн туусу кулабасын. Ал эми мырзалардын ак калпагы башынан түшпөй, улуу элдин уюткусу болуп, кыргыз эли дагы нечендеген кылымды карытсын демекчимин”-деди шаар башчысы Нурбек Молдокадыров.

Андан соң, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Сымбат Аттокурова, шаардык Кеңешинин төрагасы Жыргалбек Ботоканов жана кыргыз туусун 2020-жылдын февраль айында Өзбекстандын Ташкент шаарында желбиретип келген эркин күрөш боюнча ачык чемпионатта 2-орунду камсыз кылган С.Бекмамбетов атындагы спорт мектебинин окуучусу Азиза Келдибекова куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Добавить комментарий