НАРЫН ШААРЫНДА УЛГАЙГАН АДАМДАРГА УРМАТ-СЫЙ КѲРСѲТҮЛДҮ

Бүгүн, Эл аралык карылар күнүнɵ карата Нарын шаарындагы улгайган адамдарга кɵӊүл бурулуп, урмат-сый кɵрсɵтүлдү.

Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Токтомушов Тукеш атаны жана жүз жаштан ашкан Тойгонбаева Арсар, Осмоналиева Жамийла апаларды куттуктап, майрамдык белегин тапшырды.

Ошондой эле 70 жаштан ашкан аксакалдарга жана ак элечек апаларга концерт тартууланып, жакшы тилектер арналды.

Иш чарага жергиликтүү бюджеттен 62 миӊ сом каралып, 80 жаштан ɵткɵн 130 карыяга материалдык колдоо кɵрсɵтүлдү.

Маалымат үчүн айта кетсек, бүгүнкү күндɵ Нарын шаарында 70-80 жаш курагындагы 811, 80-90 жаштагы 313, 90-100 жаштагы 31 жана 100 жаштан ɵткɵн 2 карыябыз бар.

Тɵрүбүздүн кɵркү, үйүбүздүн куту болгон бардык аксакал аталарыбызды жана ак саамай апаларыбызды дагы бир ирет майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, узун ɵмүр, дɵɵлɵттүү карылык кааламакчыбыз.

Добавить комментарий