НАРЫН ШААРЫНДА УЛУУ ЖЕӉИШ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ.

Нарын шаарында Улуу Жеӊиштин 74 жылдык мааракеси чоӊ майрамдык салтанат менен белгиленди.

Таӊ эрте «Улуу Жеӊишке 70 жыл» аталышындагы сейилбакта Нарын облусунун, шаарынын жана районунун коомчулугунун жана жетекчилердин ошондой эле «Ѳлбɵс полктун» катышуусунда Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун эстелигине гүл чамбарлар коюлду.

Мындан соӊ аталган сейилбакка жаӊыдан орнотулган Советтер Союзунун Баатырлары Дайыр Асановдун жана Анварбек Чортековдун айкелдеринин ачылыш аземи болду. Иш чарада баатырлардын басып ɵткɵн жолу, жасаган эрдиги тууралуу кеӊири сɵз болуп, аларга багышталып куран окулду.

Андан кийин «Ѳлбɵс полктун» жүрүшү жасалып, салтанаттуу жɵɵ жүрүш Т. Усубалиев атындагы борбордук аянтка чейин улантылды.

Борбордук аянтта Нарын шаарындагы мектеп окуучуларынын «Жаш армиячыларынын» аскердик даярдыктагы майрамдык иш чарасы Жеӊиш майрамын кɵркүнɵ чыгарды.

«Ѳлбɵс полктун» жүрүшү Тянь-Шань паркына карай улантылып, парктагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун эстелигине таазим этилип, гүлчамбарлар коюлду.

Эскерүү митингин ачкан Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов бул күн аталардын тɵгүлгɵн каны, энелердин кɵз жашы, ɵксүгү, жаш балдардын кусалыгы, согуштан соолуган элдин үмүт-тилеги акталган ыйык күн экендигин баса белгиледи. Ошондой эле: «Биз арабыздагы баатырдыктын чыныгы үлгүсү, тарыхый улуу окуянын каармандары болгон ардагерлерибизди күн сайын даӊазалоого, алардын Мекен үчүн, биз үчүн, келечек үчүн жасаган эрдиктерине таазим этүүгɵ милдеттүүбүз! Согушта курман болгон жана арабыздан кɵзү ɵтүп кеткен ардагерлерибиздин элеси эч качан унутулбайт!»,-деп билдирип, арабыздагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жакшы тилектерин арнады.

Майрамдык иш чарада Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын шаардык Кеӊешинин тɵрагасы Жыргалбек Ботоканов, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Семетей Черикбаев, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Асек Усубалиев, ооруктун ардагери Жанабил Абдырахманов жана башкалар сɵз сүйлɵп, Жеӊиш күндүн улуулугун даӊазалашты.

Мектеп окуучулары жана маданият кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, салтка айлангандай ардагерлерге аскердик ботко берилди.

Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен 18 миӊ сом бɵлүнүп, Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлерине акчалай сыйлык тапшырылды.

Майрамдык иш чара улуттук спорттук оюндар менен улантылууда. 

 

Добавить комментарий