НАРЫН ШААРЫНДА ЧЕРНОБЫЛЬ АПААТЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ СЫЙЛАНДЫ

1986-жылдын 26 апрелинде Чернобыль атомдук электр станциясында болгон жарылууга бүгүн туура отуз бир жыл толду.  Бүгүн,  26-апрелде Нарын шаарында  даталуу күнгө карата мэрия тарабынан иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага  КРѲ  Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов, Нарын шаарынын мэри  Э.Алымкулов, шаардын депутаттары, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилери, Чернобыль апаатынын катышуучулары, Нарын шаарындагы ардагерлер кеңешинин, Баткен согушунун облустагы ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү,  Нарын облусунун куралдуу күчтөрүнүн ардагерлери жана шаар тургундары катышышты.

Иш-чараны шаар мэри Э.Алымкулов ачып, Чернобыль атомдук электр станциясындагы жарылуу дүйнɵ жүзүндɵгү чоӊ кырсыктардан болуу менен миӊдеген адамдардын ɵмүрүнүн кыйылышына алып келген ɵтɵ кайгылуу окуя экендигин белгилеп, жарылуунун кесепеттерин жоюуга өз саламаттыгын ойлобостон, мекен алдында милдетин намыстуулук, жоопкерчилик менен аткарган Нарындык жердештерибиздин эрдигине сыймыктануу, таазим кылуу менен бирге  чын ден соолук, узун ɵмүр, бакубат жашоо каалап өттү.

Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын жоюлушуна катышкандарга медалдар жана айрымдарына Ардак грамоталар тапшырылып, чакан программадагы концерт берилди.

Даталуу күнгө карата бул категориядагы 26 жарандарга, жергиликтүү бюджеттин эсебинен  ар бирине 1 миң сомдон, жалпысы 26 миң сом материалдык колдоо көрсөтүлүп, Чернобыль апааты тууралуу китеп чыгарууга акча каражат бөлүнүп берилди.

Нарын шаарында бүгүнкү күндɵ Чернобыль апаатына катышкан  ден — соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 21 жаран, каза болгон катышуучулардын 5 үй — бүлɵсү жана Чернобль апаатынан кийин тɵрɵлгɵн 18 жашка толо элек 10 бала бар.

Маалымат үчүн айтсак, ЧАЭСтин кесепеттерин жоюуга Кыргызстандан 5 миңге чукул эр азаматтар катышкан, ал эми чакан Нарын шаарынан эле 42 адам кетип, алардын тɵртөө ошол жактан каза табышса, жетɵɵсү кайтып келгенден кийин алган радиациянын залакасынан каза болушкан.

Добавить комментарий