НАРЫН ШААРЫНДА ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ ЭСКЕРИЛИП, ТЕМИРКУЛ НИЯЗОВДУН «АК-КЕМЕ» ЧЫГАРМАСЫНЫН БЕТАЧАР АЗЕМИ ѲТКѲРҮЛДҮ

Бүгүн, 10-декабрда Нарын шаарындагы М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында улуу жазуучубуз Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Ала-Тоодон чыккан ааламдын Айтматову» аталышындагы адабий кече жана Нарын шаарынын маданият кызматкери Темиркул Ниязовдун «Ак-Кеме» чыгармасынын бетачары болду.

Адабий кече Нарын шаарындагы билим берүү, маданият тармагынын кызматкерлеринин аракети менен даярдалып, жогорку деӊгээлде ɵткɵрүлдү.

Маданий иш чараны ачкан Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов Чыӊгыз Айтматовдун ɵмүр-чыгармачылыгы боюнча омоктуу ойлорун ортого салып, миӊ жылда бир жаралуучу Айтматовдой генийди кыргыз эли жаратканына сыймыктанып, анын «ааламын», ал аздектеген баалуулуктарды, айрыкча «канткенде адам уулу адам болот», «күн сайын адам болуу баарынан кыйын» философиясын ɵзүбүзгɵ сиӊирип, жаш муундарга жеткирүү милдетибиз экенин белгиледи.

Ошондой эле жердешибиз, «Ак-Кеме» чыгармасы боюнча жазылган ырдын автору Темиркул Ниязовдун жана аны аткарган «Добулбас» тобунун эмгегин жогору баалап, аларга Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеӊешинин Ыраазылык каттарын тапшырды.

Кечеге катышкан Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева Нарын шаарында Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата жогорку деӊгээлдеги маданий иш чаралар ɵткɵрүлгɵнүн белгилеп, анын уюштуруучуларына ыраазылык билдирди.

Адабий кечеде шаардагы билим берүү тармагынын ɵкүлдɵрү тарабынан Чыӊгыз Айтматовдун чыгармачылыгы жɵнүндɵ дарс окулуп, слайддык маалымат кɵрсɵтүлүп, чыгармаларынан үзүндүлɵр тартууланды. Мектептердин мугалимдери жана окуучулары, бала бакчалардын тарбиячылары менен кичинекей тарбиялануучулары аткарган чыгармалар кɵрүүчүлɵрдүн зор кызыгуусуна ээ болду.

Маданий иш чаранын экинчи бɵлүгүндɵ Маданияттын мыкты кызматкери Темиркул Ниязовдун «Ак-Кеме» чыгармасынын бетачары болуп, автордун жана «Добулбас» тобунун аткаруусунда кɵрүүчүлɵргɵ тартууланды.

Белгилей кетсек, чыгарманын сɵзү жана обону Темиркул Ниязовго таандык. Автор чыгармасын Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арнаган. Чыгарманын оранжировкасын Темиркул Ниязовдун уулу Мирлан Ниязов жазып, «Добулбас» тобунун аткаруусунда клип тартылып, эл арасында жакшы пикирлерди жаратууда.

Добавить комментарий