НАРЫН ШААРЫНДА ШАЙЛООГО ДАЯРДЫКТАР БОЮНЧА ШТАБДЫК ОТУРУМ ӨТТҮ

Бүгүн, 4-август күнү Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында алдыда боло турган шайлоого карата штабдык жыйын болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Анда 2017-жылдын 15-октябрына белгиленген КР Президентин шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө участкалык шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык жактан көмөк көрсөтүү боюнча маселелер каралды.

Анын жүрүшүндө участкалык шайлоо комиссиялары жайгашкан мекеме, ишканалардын, окуу жайлардын жетекчилерине комиссияларга тиешелүү шарттарды түзүп берүү боюнча тапшырмалар берилди.

Штабдык отурумга Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов, шаардык штабдын мүчөлөрү, КР БШКнын Нарын шаары боюнча атайын өкүлү, шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы, участкалык шайлоо комиссиялары жайгашкан мекеме, ишканалардын жетекчилери катышышты.

Добавить комментарий