НАРЫН ШААРЫНДА «ЫЙМАН, АДЕП ЖАНА МАДАНИЯТ» ЖЫЛЫНА КАРАТА ӨТКӨН «ЖАШ ТАЛАНТТАР — 2017» КАРОО — СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Нарын шаарында “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата өткөрүлгөн “Жаш таланттар — 2017” кароо-сынагы жыйынтыкталды.

Дастан, Манас айтуу, улуттук аспаптарда ойноо, вокал, жеке номерлер, бий, сүрөт тартуу болуп жети жанр боюнча Нарын шаарынын мектептеринде өткөн жаш таланттар сынагынан тандалып алган мыкты номерлер бүгүн, элдин кароосуна тартууланды.

Жыйынтыктоочу  гала — концерт Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектепте өткөрүлүп, ага шаар мэри Э.Алымкулов, шаардык Кеңештин төрагасы Ж.Ботоканов катышышты.

Нарын шаарынын окуучуларынын айылда окуган балдарга караганда ыр, бий, музыкалык инструменттерде ойноо жана башка ийримдерге катышууга мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк экендигин шаар мэри белгилеп, облустук “Жаш таланттар — 2017” сынагында шаардын окуучулары байгелүү орундарды алуусуна тилектештигин билдирди.

Иш чаранын жүрүшүндө сынактын баардык катышуучулары грамоталар жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.

Жети жанр боюнча мыкты деп тандалып алган жеңүүчүлөр май айында өтө турган облустук  “Жаш таланттар — 2017” сынагына катышышат.

Добавить комментарий