НАРЫН ШААРЫНДА ЭГЕМЕНДИК МАЙРАМЫ БИЙИК МЕКЕНЧИЛДИК СЕЗИМ МЕНЕН БЕЛГИЛЕНДИ

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгы Нарын шаарында чоң майрамдык салтанат, мекенчилдик бийик сезим менен белгиленди.

Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта шаңдуу музыка жаңырып, агылган элге майрамдык маанай тартуулады.

Майрамдык иш чараны ачкан Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов калың элге куттук жолдоп, эгемендиктин маани-маңызына кенен токтолду.

Салтанаттуу иш чарада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов, Баткен облусунун аксакалдар Кеңешинин төрагасы Туйгун Жолдошов, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Семетей Черикбаев, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Жыргалбек Ботоканов куттуктоо сөзүн сүйлөштү.

Аянттагы салтанатка достук сапары менен Баткен облусунан келген жоон топ өкүлдөр да катышып, майрам шаңына күбө болушту.

Теңир Тоонун борборундагы эгемендик майрамын Нарын шаарындагы жалпы маданият кызматкерлеринин, студенттердин, окуучулардын күчү менен даярдалган театралдаштырылган оюн-зоок жана чоң программадагы концерт көркүнө чыгарды.

Театралдаштырылган оюн-зоок программасында эгемен Кыргызстандын басып өткөн жолу, мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин мамлекетибизге сиңирген эмгеги чагылдырылды.

Иш чара “Ала-Тоо” стадионунда спорт оюндары менен коштолууда.

Добавить комментарий