Нарын шаарында Эгемендүүлүктүн 24 жылдыгына карата даярдыктар кɵрүлүүдɵ

Нарын шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Кɵз карандысыздыгынын  24 жылдык мааракесине арналган даярдык кɵрүү иштери жүргүзүлүүдɵ. Бул туурасында мэриянын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

25-августтан тарта шаарда ишембиликтерди өткөрүү менен ураан-чакырыктар жазылган жарнактык кагаздар жана желекчелер илине баштайт,  борбордук аянтты тазалоо жана жасалгалоо иштери жүргүзүлɵт.

Ал эми 31-августта майрамдык салтанаттуу иш чара борбордук аянтта саат 10-00 до башталат, анда облус, шаар жетекчиликтеринин теӊиртоолуктарга куттуктоолору жолдонуп, театрлаштырылган оюн зоок, чоӊ программадагы концерт тартууланып, «Ала-Тоо» стадионунда спорттук оюндар ɵткɵрүлɵт.

Добавить комментарий