Нарын шаарында «Эл аралык майыптардын күнү» белгиленди

Нарын шаарында 3-декабрь «Эл аралык майыптардын күнүнɵ» карата «Жаштар Ордосунда»  иш-чара ɵткɵрүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Анда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күчү менен даярдалган кайрымдуулук концерт тартууланды. Иш-чарага облус башчысы А.Кайыпов, орун басары Ж.Ибраева, шаардын вице-мэри С.Эсенаманова, мекеме, ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери жана башка кайдыгер карабаган шаар тургундары катышышты.

Иш-чаранын алкагында ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга камкордук жасап, ар кандай колдоолорду көрсөтүп келе жаткан “Үмут Шамы”, “Аруу Тилек” жана башка коомдук бирикмелерге Нарын шаардык мэриясы тарабынан ыраазычылык каттар тапшырылып, материалдык жардамдар көрсөтүлдү.

Мындан сырткары каалоо-тилектер багынын жалбырагына жазылган балдардын кийим-кечеге болгон муктаждыктары мэрия тарабынан чечилип берилди. Нарын шаардык мэриясы тарабынан аталган даталуу күнгө карата 15 миӊ сом акча каражаты каралган.

Добавить комментарий