Нарын шаарында Эл аралык мугалимдердин күнү белгиленди

Бүгүн Нарын шаарынын «Жаштар Ордосунда» Эл аралык мугалимдердин күнүнɵ карата майрамдык иш чара болуп ɵттү. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Ага шаардагы мектеп, балдар бакчаларынын, жогорку жана орто окуу жайларынын мугалимдери чакырылып, алардын урматына окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Мугалимдерди кесиптик майрамы менен шаардын вице-мэри С.Эсенаманова куттуктап, ардактуу кесип ээлерине келечек муундун ɵсүп-ɵнүгүшүнɵ, билим берүүсүнɵ кошкон зор салымдары үчүн тереӊ ыраазычылык билдирүү менен, жоопкерчиликтүү жана түйшүктүү иштерине жетишкендиктерди, ийгиликтерди каалап ɵттү. Ошондой эле айрым мугалимдер Нарын шаардык мэриясынын жана Кеӊешинин Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Мындай майрамдык куттуктоолорун шаардык билим берүү бɵлүмүнүн башчысы У.Турсунов, облустук усулдук билим берүү борборунун жетекчиси К.Мамытовдор да жолдошуп, атайын сыйлыктарын тапшырышты. Ал эми быйылкы иш чарада ардактуу эс алууда жүргɵн мугалимдерге да кɵӊүл бурулуп, белектер берилди.

Добавить комментарий