Нарын шаарында эл аралык стандарттагы мейманкана курулат.

Буюрса бул иш шаардагы жеке ишкер, «Хан-Теӊри»  тейлɵɵ комплексинин ээси Таалайбек Карпековдун аракети менен жүзɵгɵ ашканы турат.

Учурда Т. Карпеков Европа ɵнүктүрүү банкынын «Чакан бизнеске кеӊеш берүү» долбоорунун колдоосу менен Канададан жана Англиядан келген тажрыйбалуу консультанттар менен иштешип, эл аралык стандарттагы тɵрт жылдыздуу мейманкана  куруу боюнча кеӊеш алууда.

Бүгүн Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов ушул маселе боюнча Канададан келген Брайан Баллингал жана Англиядан келген Брайан Мерфи мырзаларды кабыл алып, кызматташуу боюнча сүйлɵшүүлɵрдү жүргүздү.

Жолугушуу учурунда Э. Алымкулов меймандарга Нарын шаары тууралуу маалымат берип, туристтерге кызмат кɵрсɵтүү акырындык менен жолго коюла баштаганын, бул жагынан «Хан-Теӊри» тейлɵɵ комплекси ар тараптуу кызмат кɵрсɵтүп, ошол эле учурда жергиликтүү бюджетти толуктап, жумуш орундарын түзүп берип жатканын жана комплексти жаӊы мейманкана менен толуктоо шаар үчүн зарыл экендигин белгиледи.

Канададан келген эл аралык консультант Брайан Баллингал мырза жергиликтүү бийликтин кабыл алуусуна ыраазылык билдирүү менен бул жерге ɵздɵрүнүн билими менен бɵлүшкɵнү келгенин, «Хан-Теӊринин» кызматкерлери эл аралык кызмат кɵрсɵтүү боюнча алган билимдерин шаардын экономикасын кɵтɵрүүгɵ жумшаарын, комплекстин келечеги кенен экендигин айтты.

Ал эми Брайан Мерфи мырза чакан мейманканалардагы ыӊгайлуулуктарды түзүү үчүн атайын программа менен окутууларды жүргүзүшɵɵрүн, башка долбоорлор боюнча да кызматташууга даяр экендиктерин билдирди.

Европа ɵнүктүрүү банкынын «Чакан бизнеске кеӊеш берүү» долбоорунун ɵкүлү Алмаз Кемеловдун айтымында, мɵɵнɵтү 18 айга чейинки мезгилди камтыган бул долбоорго болжол менен 45 миӊ евро каражат керектелет. Анын 90 пайызын Европа ɵнүктүрүү банкы, 10 пайызын ɵздүк салым катары мейманкана ээси чыгарат. Бул каражат чет ɵлкɵдɵн мыкты консультанттарды алып келүү, акысын тɵлɵп берүү, жеке ишкердин чет ɵлкɵгɵ барып тажрыйба алмашуусу сыяктуу чыгымдарды каржылайт.

Долбоор буга чейин Нарын шаарындагы ири соода комплекстерин автоматташтыруу, дизайндык жасалгалоо боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашырган.

 

 

 

Добавить комментарий