НАРЫН ШААРЫНДА ЭЛ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУЛАР УЛАНТЫЛУУДА

Бүгүн, 14-февралда Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов К. Жакыпов мектебинин имаратында Городок, Кɵтɵрмɵ чɵлкɵмүнүн жашоочулары менен жолугушуу ɵткɵрүп, жасалып жаткан жумуштарга токтолуу менен бирге элдин кɵйгɵйлɵрүн укту.

Жолугушууда аймак тургундары шаарда жакшы иштер болуп атканын белгилɵɵ менен бирге мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги бир топ социалдык кɵйгɵйлɵрдү билдиришти. Электр энергиясына болгон 1000 киловаттык жеӊилдиктин мындан кɵбүрɵɵк берилиши зарылдыгы, мамлекеттик жɵлɵкпулдар, Кычан Жакыпов мектебинин аброюн кɵтɵрүү, жол белгилери, «Арал» жаӊы конушундагы калктын социалдык кɵйгɵйлɵрү, мал базарынын тушундагы коктуларда жайгашкан үйлɵрдɵ санариптик кɵрсɵтүүлɵрдүн тартпагандыгы, К. Жакыпов орто мектебинин жылуулук системасын алмаштыруу зарылдыгы, Достук кɵчɵсүнɵ тосмо, тротуар керектиги сыяктуу бир катар маселелер ортого салынып, жетекчилик тарабынан суроолорго жооп берилди.

Жыйында быйылкы жылга пландалган жумуштар тууралуу да маалымат берилди.

Алсак, «Коопсуз шаар» долбоорун жүзɵгɵ ашыруу, ЕББР программасы аркылуу жасалып жаткан суу, канализация долбоорун улантуу, муниципалдык жер тилкелери боюнча инвентаризация жумуштарын бүткɵрүү, бир катар социалдык обьектилердин курулушун баштоо, күнɵскана куруу, шаарды кɵрктɵндүрүү, жашылдандыруу иштерин улантуу, сугат системасын жɵнгɵ салуу, мал камоочу жайларды уюштуруп, атайын корукчу алып иштетүү сыяктуу жана башка жумуштар колго алынмакчы.

Добавить комментарий