Нарын шаарында Эмгек майрамы борбордук Теӊир-тоо аянтында элдик сейилдɵɵ менен белгиленди.

Таӊ эрте борбордук аянтта жаӊырган шаӊдуу музыка, элдин майрамдык маанайын кɵтɵрүп, ага утурлай шаар жаштары эмгек майрамына карата элди ынтымакка, биримдикке жана кайрымдуулукка чакыруу менен шаардын борбордук аянтына атайын флешмоб уюштурууга чыгышкан. Андагы синхрондук бийдин кыймыл аракеттери, коомчулуктун кɵӊүлүн ого бетер буруп турду.

Ушул эле күнү шаарыбыздын “Ала-тоо” стадионунда спорттук иш-чаралар башталып, спорттук оюндарына кызыккан шаар тургундары келип кɵӊүлдүү убакыт ɵткɵрɵ алышты.

 

Добавить комментарий