НАРЫН ШААРЫНДА ЭНЕЛЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ.

Бүгүн, 20-майда Нарын шаарында Энелер күнүнɵ арналган майрамдык иш чара ɵткɵрүлүп, шаардагы 300 «Баатыр энеге» куттук арналып, белектер тапшырылды.

Майрамдык салтанатты ачкан Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов ɵмүрдүн шамы, жашоонун тиреги болгон кутман энелерге жакшы тилектерин жолдоп, энелердин эч нерсеге алмаштыргыс энелик мээрими, дүйнɵгɵ тирек болгон асылзаада касиети, түмɵн түйшүктүү талбаган мээнети үчүн тереӊ ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Энелердин статусун жана ролун жогорулатуу, Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдүн абалына жалпы коомчулуктун жана мамлекеттин көңүлүн бурдуруу максатында түзүлгөн бул майрамдын мааниси зор экендигин баса белгиледи.

Иш чарага катышкан Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын шаардык Кеӊешинин тɵрагасы Жыргалбек Ботоканов, Нарын шаарынын кулуну, иш чаранын демɵɵрчүсү Бакыт Жумагулов майрам ээлерине сɵздүн гүлүн арнашты.

Муну менен катар Кыргыз Республикасынын Президентинин 13-майдагы Жарлыгы менен «Баатыр эне», «Эне даӊкы» наамдары ыйгарылган 11 энеге орден, медалдар салтанаттуу кырдаалда ыйгарылды.

Майрамдык иш чараны Нарын шаарындагы маданият тармагынын кызматкерлери жана мектеп окуучулары тарабынан даярдалган чоӊ программадагы концерт кɵркүнɵ чыгарды.

Соӊунда 300 Баатыр энеге белектер берилди.

Энелер күнүнɵ арналган майрамдык иш чараны уюштуруп ɵткɵрүү иштерине жергиликтүү бюджеттен 80 миӊ сом бɵлүндү.

Мындан сырткары Нарын шаарындагы кɵптɵгɵн иш чаралардын демɵɵрчүсү Бакыт Жумагулов тарабынан 60 миӊ сом ɵлчɵмүндɵгү материалдык колдоо кɵрсɵтүлдү.

Учурда Нарын шаарында 386 «Баатыр эне» бар. Алардын улуусу 100, кичүүсү 33 жашта.

Добавить комментарий