НАРЫН ШААРЫНДА ЭНЕ ТИЛИБИЗДИН АСЫЛ КАСИЕТТЕРИ ДАҢАЗАЛАНДЫ

Кечээ, 23-сентябрда Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилинин 30 жылдыгына арналып “Тилим менен улутмун” аталышындагы маданий иш чара өткөрүлүп, улутубуздун уюткусу болгон эне тилибиздин ыйыктыгы, асыл касиеттери даңазаланды.

М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрында өткөрүлгөн майрамдык иш чара Нарын шаарынын билим берүү тармагынын аракети менен уюштурулду.

Эне тил майрамына арналган иш чараны Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова ачып, тилибиздин байлыгына, көркөмдүгүнө, уккулуктуулугуна токтолуп, бабалардан мурасталган бул улуу байлыкты кийинки урпактарга татыктуу өткөрүп берүү парзыбыз экендигин баса белгиледи.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Жыргалбек Ботоканов куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, мамлекеттик тилдин кадыр-баркын өз деңгээлине жеткирүү максатында аткарылып жаткан иштерге токтолуу менен жаштарды өз эне тилин сүйүүгө чакырышты.

Майрамдык кече шаардын мектептеринин жана бала бакчаларынын балдарынын чоң программадагы концерти менен коштолду.

Иш чарага Борбордук Азия университетинин студенттери да концерттик программасы менен катышып, чет элдик студенттер өздөрүнүн кыргыз элине, кыргыз тилине болгон урмат-сыйын көрсөтүштү. Алардын аткаруусунда ыр-бийлер жаңырып, тил жөнүндөгү поэзия кайрыктары көркөм окулду.

Добавить комментарий