НАРЫН ШААРЫНДА ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ДАРЫГЕРЛЕР ТОБУНУН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ

Бүгүн, 16-сентябрда Нарын шаарындагы Ак-Коргон аймагына “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен курулуп жаткан №3-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты ачылып, пайдаланууга берилди.

Маалымат үчүн айта кетсек, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагында 2002-жылы жүргүзүлгөн реформанын негизинде Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борбору түзүлүп, анын курамына 5 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана бир кеңеш берүү бөлүмү кирген.

2002-жылы Ак-Коргон аймагындагы Рыскулова-28 дарегиндеги жеке менчик там Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна сатылып алынып, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иш алып бара баштаган. Ошол жылдардан бери бул имаратка капиталдык ремонт жасалбай, кезектеги ремонт иштери гана жүргүзүлүп келген. Имарат жыл өткөн сайын эскирип, полдору чирип, дубалдарынан жарака кеткен. Аталган үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу 6916 адамды медициналык жактан тейлеп келген.

Жыл башында Нарын шаарынын мурдагы мэри Эмилбек Алымкулов аймактын тургундары менен жолугушуп көйгөйлөрүн укканда аймактын тургундары ушул маселени көтөрүшкөн.

Көрүлгөн аракеттердин натыйжасында демөөрчү табылып, “Ассанабил” кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланган 30 миң доллар каражатка Нарын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору тарабынан 570 миң сом кошумчаланып, жаңы имарат салынып берилди.

Курулуш ишин “Элтехстрой” жоопкерчилиги чектелген коому жүргүздү.

Имараттын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова, Нарын шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси Амантур Абдыкеримов, “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун президентинин орун басары Мидал Кунбил жана Нарын шаарынын коомчулугунун окүлдөрү катышып, жаңы ачылган жай акжолтой болуп, элге кызмат кылуусун тилек кылышты.

 

Добавить комментарий