Нарын шаарында өрт кырсыгынан жабыркаган үй бүлөгө материалдык жардам көрсөтүлдү

Бүгүн, 28-февралда Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов жана Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ботоканов 2017-жылдын 19-февралында өрт кырсыгынан жабыркаган үй-бүлөнүн убактылуу жашап жаткан батирине барып, акыбалын сурашты.

Ѳрт кырсыгынан үй-жайы 90% күйүп кеткен городок аймагынын Жанар-Тоо көчөсүнүн №2-үйүнүн жашоочулары, учурда  Ленин 97-В көп кабаттуу турак-үйүнүн 3-батиринде айына 6000 сом төлөп убактылуу баш  калкалашууда.

Үй-бүлөнүн апасы Мусаева Курманбүбүгө шаар жетекчилиги  батирдин ижарасын төлөө үчүн 12 миң сом акча каражат, турмуш-тиричиликке керектүү жылуу пиледдерди тапшырды.

Окуяга кайрылсак, 2017-жылдын 19-февралында газ баллондун жарылуусунан   Нарын шаарындагы Жанар-Тоо көчөсүнүн №2 дарегиндеги үйдөн өрт чыгып,  анда үйдөгү оокаттар толугу менен күйүп кеткен.  Ѳрт кызматына өрт кырсыгы тууралуу билдирүү түшөөр менен өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар дарек боюнча барышып өрттү толугу менен өчүрүүгө жетишишкен.

Учурда жергиликтүү бийлик жана кайдыгер карабаган жарандар тарабынан үй-бүлөгө материалдык, турмуш-тиричиликке керектүү идиш-аяк, кийим кечектен  колдоолор көрсөтүлүүдө.

Добавить комментарий