НАРЫН ШААРЫНДА 1-ИЮНЬ «БАЛДАРДЫ КОРГООНУН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮНДӨ» БАЛДАР ОЙНООЧУ АТРАКЦИОНДОРДУН АЧЫЛЫШ ӨТТҮ

Быйыл Нарын шаарында 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнү жылдагылардан айырмаланып үч сейил бакта белгиленди. Майрамдын  биринчи  бɵлүгү  “Роза Ѳмүрзакова” эс алуу паркында, анда орнотулган балдар ойноочу атракциондордун ачылышы менен башталды.

КРѲ Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов, Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов, шаардык Кеңештин төрагасы Ж.Ботоканов жана аталган паркка атракциондорду жана балдар үчүн оюн-зоок жабдыктарын орноткон жеке ишкер, шаардык Кенештин депутаты А.Токторалиев кызыл тасма кесишип иш чараны ачып беришти.

Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов анда чогулган кичинекей бөбөктөрдү «Балдарды коргоонун эл аралык күнү» менен кызуу куттуктап, “Балалык — бул адамдын өмүрүндөгү эң бир ыйык, эстен кеткис көз ирмем. Ар бириңер илгери үмүт байлап, таттуу тилек менен чоңоюп жатасыңар. Баардык каалоо-тилегиңер ишке ашсын. Силердин жаркын келечегиңер али алдыда. Өнүп-өсүп, эрезеге жетип, сапаттуу билим, татыктуу таалим-тарбия алгыла. Өлкөнүн келечек тагдыры – силердин колуңарда. Ар дайым асманыңар ачык, маанайыңар жарык болсун!” деген калоо тилектерин жолдоп, “Роза Ѳмүрзакова” атындагы сейил бак буга чейин ойдогудай пайдаланылбай келсе, бүгүн ал жанданып балдар толгон, шаардыктар эс ала турган жайга айланганын белгиледи.

Ошондой эле майрамдын жүрүшүндө жеке ишкер, “Ала-Тоо Ынтымагы” партиясынын депутаты А.Токторалиевге, Нарын шаарынын инфраструктурасынын өнүгүшүнө кошкон салым үчүн Нарын шаардык Кеңешинин жана мэриянын атынан “Ыраазычылык Кат” тапшырышты.

Паркка майрамдап келген бөбөктөр үчүн №15 “Бактылуу балалык” жана №4 “Наристе” балдар бакчалары тарабынан куурчак театры көрсөтүлүп, тарбияланычуулары ыр- бийлерин тартуулашты. Облус башчысынын, Нарын шаарынын мэринин жана шаардык Кеңештин төрагасынын атынан майрамдык концертке катышкан балдарга белекке оюнчуктар берилди.

Белгилей кетсек, балдарга арналган майрамдык иш чаралар Нарын шаарынын “Роза Ѳмүрзакова”, “Смарт Парк”  жана “Алма Бак” сейил бактарында уюштурулду.

Добавить комментарий