Нарын шаарында 2015-2020 жылдарга карата жаштарды өнүктүрүү стратегиялык планы талкууланды

Нарын шаарында бүгүн  шаардык мэриянын жыйындар залында 2015-2020 жылдарга карата Нарын шаарынын жаштарын өнүктүрүү стратегиялык планы талкууланды.

Талкууга шаардын вице-мэри Салтанат Эсенаманова, Жаштар Институтунун өкүлү Чолпон Жуманалиева, жаштар иштери боюнча жергиликтүү эксперт Бакыт Эгембердиев жана шаардык кеңештин депутаттары, жаштар иштерин алып барган уюмдун өкүлдөрү менен шаар жаштары, студенттери катышты.

Жыйында Германия эл аралык кызматташтык коому «GIZдин»  «Жаштар үчүн жаркын келечек» долбоорунун көмөгү менен Нарын шаарынын мэриясына жаштар үчүн 200 миң сом акча каражаты каралганы айтылды. Ошондой эле болжолдуу 2015-2020 жылдарга карата жаштардын өнүгүү стратегиялык планы көрсөтүлдү. Бул каражатты туура пайдалануу үчүн жергиликтүү өкмөттүк эмес жаштар уюмдарынан атайын долбоорлор сунушталып, аларга берилет.

Талкууга ɵз пикирин, оюн, сунушун кошо алган жаштар чакырылган. Буга чейин шаардын аймагындагы окуу жайларында жаштарды өнүктүрүү боюнча стратегиялык долбоорду талкуулар уюштурулган.

Ошондой эле Нарын шаарына келген жаштар үчүн долбоорлор шаардык мэриянын көзөмөлүндө болуп тураары шаар жетекчилиги тарабынан айтылып.

Белгилей кетсек, бул стратегиялык планга аткара ала турган гана иштер киргизилди.

 

Добавить комментарий