НАРЫН ШААРЫНДА 2017-ЖЫЛДЫН 21-22-АПРЕЛИНДЕ ӨТКӨРҮЛГӨН ИШЕМБИЛИКТЕР БОЮНЧА МААЛЫМАТ

Нарын шаардык мэриясынын 05.04.2017-жылдагы №117-б буйругу менен 2017-жылдын 1-апрелинен 1-июлуна чейин «Жашылдандыруунун үч» айлыгы деп жарыяланып, Нарын шаарынын аймагында жайгашкан баардык мекеме, ишканаларга жана уюмдарга менчигинин түрүнө карабастан шаардын аймактарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана тазалоо максатында жер тилкелери бөлүштүрүлүп  берилген.

Үч айлыктын алкагында өткөрүлгөн ишембиликте негизинен шаардын ички көчөлөрүн, сейил бактарын жана арыктарды тазалоо иштери аткарылды.

Шаардык жашылдандыруу мекемеси тарабынан 150 данаа Тянь-Шань карагайларынын көчөттөрү отургузулду: 64 аймагына 24, Жаңы-Жол аймагына 8, Тянь-Шань паркына 57, Алма-бак паркына 22, городок скверине 8, Жеңиш-70 скверине 5, Бакыт үйүнө 8 жана Нур бала бакчага 8 даана көчөттөр отургузулду.

Ишембиликке жалпысынан алганда 3 миңдей адам катышып, 295 м3 таштанды чыгарылып, Карга-Жайлоо таштанды төгүүчү жайга төгүлүп түздөтүлдү.

Ал эми «Билайн» уюлдук компаниясы (Р.Ѳмүрзакова паркы), РСК банкы  (Акималиев паркынын төмөнкү бөлүгү)   ишембиликке катышышкан жок.

.

Добавить комментарий