Нарын шаарында 2017-жылы кɵп иштер жолго коюлган.

Бул тууралуу бүгүн Нарын шаардык мэриясында ɵткɵрүлгɵн коллегиянын жыйынында айтылды.

 Жыйында шаардын 2017-жылдагы социалдык-экономикалык ɵнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана алдыдагы милдеттери каралды. Жыл ичинде аткарылган иштерге баа берилип, кемчиликтер ортого салынды.   

 Билдирүүлɵр далилдегендей, 2017-жылы Нарын шаарында кɵрүнүктүү иштер аткарылып,  кɵп маселелер жолго коюлган. Мисалы, ɵнɵр жай, салык тармагында белгиленген план ашыгы менен аткарылган. Нарын шаарынын 2014-2017-жылдар аралыгындагы туруктуу ɵнүгүү «Жол картасына» 158 долбоор кирсе, анын 72 пайызы, же 114ү ишке ашып, 6 миллиард 278 миллион 441 миӊ сом инвестиция тартылган.

Курулуштар боюнча жакшы кɵрсɵткүчтɵр болуп,  чет элдик инвестициялардын, мамлекеттик жана  жергиликтүү бюджеттин эсебинен футболдук талаа жана заманбап муз аянты; РТС аймагында спорт мектеби; «Ассалам» кайрымдуулук фонду тарабынан «Балдарды ɵнүктүрүү» борбору;  «Нарын сити» соода жайы; эки жерге заманбап ЛЭД экран; «Аска» мейманканасы; «Ак-Бечел» таза суу алуучу жайынын реконструкциясы; Жазаларды аткаруу жана чек ара кызматкерлерине 3 кабаттан турган 24 батирлүү турак үйлɵр,  4 заманбап аялдама курулуп, ички жолдор, аллеялар оӊдолгон.  

Үстүбүздɵгү жылы Газпром ишканасы тарабынан колдоого алынган заманбап спорт комплексин бүткɵрүү; Нарын шаарынын Т. Усубалиев атындагы борбордук аянтын, борбордук «Ала Тоо» стадионун реконструкциялоо; №9-10-орто мектептердин типтүү имараттарынын курулушун баштоо; таза жана ыплас суу түтүктɵрүн алмаштыруу; мамлекет тарабынан Ѳзгɵчɵ кырдаалдар министрлигинин, облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга курулуп жаткан кɵп кабаттуу үйлɵрдүн жана ипотекалык 60 батирлүү турак үйдүн курулушун бүткɵрүү; шаардын ички кɵчɵлɵрүн реконструкциялоо, жарыктандыруу, кɵрктɵндүрүү пландары бар.

Коллегияда кышка даярдыктын абалы, муниципалдык ишканалардагы иш аракеттер, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагындагы орчундуу маселелер тууралуу да кенен сɵз болду.

Жыйынга катышкан Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн  Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов шаардын бардык тармагында алгылыктуу кɵрсɵткүчтɵр бар экендигин белгилеп, ушуну менен эле чектелип калбай позитивдүү иш аракеттерди уланта берүү зарылдыгын айтты.  Муну менен катар «Региондорду ɵнүктүрүү жылынын»  жана шаардын 150 жылдык мааракесинин алкагындагы иш чараларды жогорку деӊгээлде ɵткɵрүп алуу боюнча бир катар милдеттерди белгиледи.

Коллегиянын ишин алып барган шаар мэри Эмилбек Алымкулов Нарын суу канал ишканасына ар бир мектепке суунун кɵлɵмүн ɵлчɵɵчү жабдууларды орнотуу: «Таза Нарын» ишканасына шаар аралаган малды тартипке салуу; Муниципалдык ишканага шаардын реестрин түзүү, иш кагаздар менен иштɵɵнү жɵнгɵ салуу; Билим берүү бɵлүмүнɵ кадр маселесин чечип, билим сапатын жакшыртууну тез арада колго алуу тапшырмаларын берди.

Ошону менен бирге быйыл алдыда кɵптɵгɵн милдеттер турганын айтып, мекеме жетекчилерине ийгилик каалады.   

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын шаардык мэриясынын пресс-кызматы.     

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий