Нарын шаарында 2017-жыл үчүн пландаган салык жыйымы ашыгы менен жыйналды.

Бул боюнча бүгүн Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаарындагы башкармалыгынын отчеттук жыйынында маалымдалды.

Салык кызматкерлери белгилегендей, ɵткɵн жылдын 12 айында 171 миллион 332 миӊ сом план-тапшырма берилсе, 172 миллион 318 миӊ сом жыйналып, план 100,6 пайызга аткарылган. Тактап айтканда жалпы салык жыйымдары 986,1 миӊ  сомго ашыгы менен чогултулган. Мунун ичинен республикалык бюджетке жыйналган жыйым 100,9 пайызды, ал эми жергиликтүү бюджетке чогултулганы 100,3 пайызды түзгɵн.

Ошол эле учурда киреше салыгы, пайда салыгы, ыктыярдуу патент, сатуудан алынуучу салык сыяктуу салык түрлɵрүнɵн чогултулган жыйым мурунку жылга салыштырганда 35 835,4 миӊ сомго тɵмɵндɵп кеткен.

Жыйында тɵмɵндɵп кеткен жыйымдардын себебине анализ жасалып, алдыга милдеттер белгиленди.

Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов салык кызматкерлерин жаӊы жылы менен куттуктап, салыкчылардын ишинин жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджет толукталып, анын негизинде жылдан жылга шаарды ɵнүктүрүү иштери колго алынып жаткандыгын белгилеп, быйылкы жылы дагы жигердүү иштеп берүүгɵ чакырды.

 

 

Добавить комментарий