НАРЫН ШААРЫНДА 300 ОРУНДУУ БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Бүгүн, 4-ноябрда Нарын шаарынын Теке-Секирик аймагында 300 орундуу Кувейттик “Ас-Салам” кайрымдуулук фонду тарабынан салынган балдарды өнүктүрүү борборунун ачылыш  аземи болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Иш чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаардык Кеңештин депутаттары, Кувейт өлкөсүнөн келген “Ас-Салам” кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү жана шаар тургундары катышышты.

Комплекс мектеп, жатакана, наабаткана, устакана, тигүү цехин, ФАП, магазин, спорт аянтчасын камтыйт. Аталган борбордо ата-энесинен ажыраган балдар, аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн балдары билим ала алышат, мындан сырткары арасынан таланттууларына өзгөчө көңүл буруу максатында атайын окуу курстары, эмгекке үйрөтүү жагы да эске алынган. Бардык окутуу программалары КР билим жана илим министрлиги менен макулдашуунун негизинде киргизилет. Мектеп толук кандуу келээрки жылдын сентябрь айында ишке берилүүсү күтүлүүдө.

Ачылыш аземинин жүрүшүндө облус башчысы А.Кайыпов Кувейттик фонддун өкүлдөрүнө ыраазычылык каттарын тапшырды. Ошондой эле  Нарын шаардык мэриясы жана Нарын шаардык Кеңеши да шаарыбыздын экономикалык-социалдык өнүгүүсүнө кошкон салымы, шаарыбыздын калкынын аярлуу катмарына жүргүзүлүп жаткан кайрымдуулук  иштери үчүн “Ас-Салам” кайрымдуулук фондунун жетекчилигин Ыраазычылык каттар менен сыйлашты.

“Ассалам” кайрымдуулук фонду Кыргызстанда 2013-жылдан бери өз ишмердүүлүгүнүн көрсөтүп келүүдө. Ал эми Нарын облусуна аталган фонд  ФАПтарды, мечиттерди, 10 дон ашык айылга таза суу чыгарып беришкен.

Белгилей кетсек, РТС аймагындагы балдар өнүктүрүү борбору курулган 1,5 гектар жер аянты Нарын шаардык Кеңешинин жана Нарын шаардык мэриясы тарабынан 2016-жылы чечилип берилген. Ал эми аталган балдар комплексинин капсуласын салуу аземи 2016-жылдын  22-сентябрында өткөн.

Добавить комментарий