Нарын шаарында 50 орундуу балдар бакчасынын жаӊы имараты курулат.

Нарын шаарында 50 орундуу балдар бакчасынын жаӊы имараты курулат. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Шаардын РТС аймагында «Ак-Дил» балдар бакчасы 135 мектепке чейинки курактагы балдарды кабыл алып иш алып барып келет. Жакында иштеп жаткан балдар бакчасынын жанына жаӊы 50 орундуу корпустун курулуш иштери башталуу алдында турат. Курулуш иштерин тендерден уткан Бишкек шаарынын «Аргын» ЖЧКсы ишке ашырат.

Жалпы кетчү чыгымдардын наркы 7 млн. сом акча каражатын түзɵт, анын 4 млн 500 миӊ сому жергиликтүү бюджеттин эсебинен, ал эми 2 млн 500 миӊ сому Ага Хан Фондусу тарабынан каржыланууда.

Маалымат үчүн айтсак, Нарын шаарында алты балдар бакчасына 1959 мектепке чейинки жаштагы балдар барып тарбия алып келет.

 

Добавить комментарий