Нарын шаарында 7-апрелде курман болгондорду эскерүү митинги ɵттү

Бүгүн, 6-апрелде Нарын шаарында Апрель Элдик революциясынын күнүнѳ карата курман болгондорду эскерүү митинги болуп ѳттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат  катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Алгач облус, шаар, район жетекчилери, апрель окуясынын баатырлары жана катышуучулары митинг өтүлүүчү Тянь-Шань паркына чейин жүрүш менен келишти. Митинг 7-апрель баатырларына арналып тургузулган эстелик астына гүл чамбарларды коюуу менен башталды.

Эскерүү митингди Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов ачып, өз сөзүндө, “биз адилеттүү, күчтүү, өнүккөн ɵлкɵнү курууга  милдеттүүбүз жана курман болгон эр азаматтардын жаркын элестерине таазим этип, шаарыбызды, ɵлкɵбүздү ɵнүктүрүүгɵ, биримдикти бекемдɵɵгɵ, ынтымакты чыӊдоого татыктуу салымыңыздарды кошууга чакырамын” деп, тынч, берекелүү заман, бакубат турмуш каалап өттү.

Андан соӊ курман болгон баатырлардын арбагына куран окулду.  Сөз сүйлөгөн облус, район башчылары элдин жаркын келечеги үчүн баатырларча курман болушуп, мамлекетти сактап калуу менен чыныгы демократияга карай жол ачып кеткен баатырлардын жаркын элеси түбɵлүк жашайт жана  эрдиктери эч качан унутулбайт дешти.

Добавить комментарий