Нарын шаарында 7-апрельде курман болгондорду эскерүү митинги ɵттү

Нарын шаарында Апрель Элдик революциясы күнүнѳ карата курман болгондорду эскертүү митинги болуп ѳттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сѳз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Нарын шаарындагы ”Тянь-Шань” паркында таӊ эрте муӊдуу комуз күүлѳрү коюлуп, митинг 7-апрель баатырларына арналып тургузулган эстелик астына шаар, облус жетекчиликтин жана коомчулуктун ѳкүлдѳрү гүл чамбарларды коюу менен башталды.

Эскерүү митингди ѳкмѳттүн  Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Аманбай Кайыпов ачты. Андан соӊ курман болгон баатырлардын арбагына куран окулуп, кийинки сѳз Жогорку Кеӊештин депутаты Чыныбай Турсунбековго берилип, ал ѳз сѳзүндѳ- “Элдин жаркын келечеги үчүн баатырларча курман болушуп, мамлекетти сактап калуу менен чыныгы демократияга карай жол ачып кетишти. Алардын жаркын элеси  биздин жүрɵгүбүздɵ түбɵлүк жашайт жана  эрдиктери эч качан унутулбайт”деди .

 

Нарын шаардык мэриясы тарабынан Апрель Элдик революциясында кайтыш болгондордун үй-бүлѳѳсүнѳ, жаракат алгандарга, активдүү катышуучуларына жана уюштуруу иштерине, жергиликтүү бюджеттен  жалпы 50 миӊ сом акча каражаты бѳлүнүп берилди.

Добавить комментарий