Нарын шаарында 8-март аялдардын эл аралык күнүнɵ карата алгачкы иш чара белгиленди

Кечээ  4-мартта жаз айларынын келиши менен утурлай келген айымдардын эл аралык  майрамы менен  Нарын шаарындагы  жетекчи, депутат, ишкер  жана башка кызматы менен  таанылган айымдарды  шаар мэри Б.Жээналиев куттуктады. Мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева маалымдайт.

Майрамдык иш чаранын жүрүшүндɵ куттуктоолор, жылуу сɵздɵр айтылып, атайын даярдалган баалуу белектер, гүлдɵр тапшырылып, чакан концерттик программа тартууланды.

Белгилей кетсек, айымдардын майрамына карата жергиликтүү бюджеттин эсебинен 60,0 миӊ сом акча каражаты бɵлүнүп, майрамдык иш чаралардын калган бɵлүгү бүгүн «Жаштар ордосунда» улантылат.

Добавить комментарий