НАРЫН ШААРЫНДА IT ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРҮҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков Кыргызстан программалык камсыздоону иштеп чыгуучулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ассоциациясы (KARPOU) менен кызматашып, Нарында IT тармагын өнүктүрүүгө кызыктар экендигин жана ал үчүн кандай шарттар бар атайын онлайн конференцияда белгиледи.Шаар башчысы жогорку технологиялык парк менен кызматташуу учурдун талабы экендигин белгилөө менен компьютер программалоого кызыккан жергиликтүү жашоочулар үчүн жакшы шарттарды түзүү максаты бар экендигин айтып, “КыргызстанКыргызстанда жаша- бүткүл дүйнөдө иште”-деген чакырыкка көнүл буруунун зарылчылыгын белгилөө менен Кыргызстан программалык камсыздоону иштеп чыгуучулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ассоциациясы менен тыгыз иш алып барууга даярдыгын билдирди.

Добавить комментарий