Нарын шаарынын автобекет аймагына салынып жаткан жаӊы коомдук даараткана жакында ишке берилүүсү күтүлүүдɵ

Нарын шаарынын “Автобекет” аймагына салынып жаткан жаӊы коомдук даараткана ушул жылдын 20-августуна чейин ишке берилүүсү күтүлүүдɵ. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын пресс-катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

“Автобекет” коомдук жайынын жанынан жеке ишкер Т.Ботокановго даараткана куруу максатында 225,0 ч.м. жер аянты  бɵлүнүп берилип, бүгүнкү күндɵ курулуш иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, салынып жаткан даараткана санитардык-гигиеналык талаптары сакталган, замандын талабына ылайык келген ажаатканалардан болот.

Мындан сырткары, курулуш объектинин экинчи тарабы гусулкана катары пайдаланылып, анда ысык, муздак суулар орнотулуп, душ кабыл алып, жуунуп алганга мүмкүнчүлүктɵр түзүлɵт.

Ал эми Нарын шаары баардык шарттары түзүлгɵн дааратканаларга муктаж экендиги шексиз жана шаар тургундары үчүн коомдук жайларды тартипке келтирүү жагы мэрия тарабынан дайыма жүргүзүлүп келүүдɵ.

Добавить комментарий