Нарын шаарынын аймагындагы мечиттердин жалпы ишмердүүлүгү каралды

Кечээ, 31-март күнү  Нарын шаардык мэриясы тарабынан түзүлгɵн  комиссия шаар аймагындагы мечиттердин курулуш документациясын, мыйзамдуу катоодон ɵткɵндүгү тууралуу күбɵлүктɵрүн,  курулуш сапаттарын жана ишмердүүлүгүн дагы бир ирээт  жеринен карап, таанышып чыгышты.Бул тууралуу мэриянын басма сѳз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын каттоосунан ɵтɵ элек мечиттердин тиешелүү документациясын бүткɵрүү тууралуу тиешелүү мекемелер менен биргеликте сүйлɵшүү жүргүзүлүп, каттоодон ɵткɵрүү боюнча кɵмɵк кɵрсɵтүү жагы колго алынды.

Белгилей кетсек,  Нарын шаарында 7 мечит иштеп келет. Убагында бул мечиттерди куруу иштери толугу менен  чет ɵлкɵлүк демɵɵрчүлɵр тарабынан каржыланган.

Добавить комментарий