Нарын шаарынын айрым мектептери капиталдык ремонттон ɵткɵрүлүүдɵ

Нарын шаарындагы №5 К.Жакыпов атындагы орто мектеби республикалык бюджеттин үлүштүк (дем берүүчү) 2 млн. сом грантынын эсебинен оӊдоп түздɵɵдɵн ɵткɵрүлүүдɵ. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Аталган мектептин үч кабатынын теӊ полдору толугу менен керамоплитага алмашылып, имаратынын сыртына шуба кийгизилип кайрадан жаӊылоо иштери аткарылып жатат.

Үстүбүздɵгү жылдын ноябрь айынын аягына чейин ремонт иштери толук аяктап, пайдаланууга берилет.

Белгилей кетсек,  быйылкы жылы №10 Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектеби 420 миӊ сом дем берүүчү грантынын эсебинен оӊдоп-түздɵɵдɵн ɵткɵрүлдү.

Добавить комментарий