НАРЫН ШААРЫНЫН АКСАКАЛДАРЫ МЭРДИ КОЛДОЙТ

Бүгүн, 21-январда Нарын шаары үчүн жаштыгын, ак эмгегин арнаган Токтосун Исаев жана Нарын шаарынын аксакалдар кеңешин төрөгасы Төлөгөн Ашыралиев Нарын шаарынын башчысы Нурбек Молдокадыров менен жолукту.

«Жаш келсе ишке, кары келсе ашка» дегендей, мына шаарыбызга жаш жетекчи келгени мыкты болду. Жасап жаткан иштериңди угуп, көрүп жатабыз. Ишиңе ийгилик. Эми биз ак сакалдар менен коомдук уюм болуп сага жардам берели деп келдик. Биз буга чейин таштанды, жайыт, жер, шаар ичиндеги малдын саламаттыгы ж.б. бир катар социалдык маселелер менен иштеп келебиз. Дагы көптөгөн жакшы пландарыбыз бар. Бири-бирибизге көмөктөшөлү, жардам берели»-деди, Токтосун Исаев.

Айтылган каалоо-тилек, сунуштары үчүн шаар башчысы Нурбек Молдокадыров аксакалдарга ыраазычылыгын билдирип, 2020-жылга болгон иш пландары менен бөлүштү.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Добавить комментарий